Ала-Бука районундагы Нурмолдо атындагы музейди оңдоп-түзөө иштерине каражат бөлүнгөн, бирок оңдоп-түзөө иштери баштала элек. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда SUPER.KG порталына музейдин кызматкери Малюда Сагынбаева билдирди.
"Райондун борборундагы Нурмолдо атындагы музейге 2016-жылдын башында бюджеттик кароодо Ала-Бука айыл аймагы жылдын 2-кварталына каражат бөлүп берген. Бирок музейди оңдоп-түзөө иштери азыркы күнгө чейин башталбай, кечигип жатат", - деп билдирди Сагынбаева.
Ал эми музейдин жетекчиси Алибек Адылбековго байланышканыбызда ал: "Ушул жума ичинде баштайбыз. Учурда тендер жарыялаганбыз. Бул боюнча көйгөй жок. Каражат өз убагында бөлүндү", - деп билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө музейди оңдоп-түзөө иштери баштала элек. Буга чейин музейдин жетекчиси Алибек Адылбеков оңдоп-түзөө иштери үчүн каражат бөлүнгөнү тууралуу 13-майда SUPER.KG порталына маалымат берген.