Жогорку Кеңеште “Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар” товардык позициясы боюнча товарларды контролдук белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Өкмөттүн берген маалыматына караганда, бул келишим аркылуу "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" пилоттук долбоорунун жүрүмүндөгү накта териден жасалган кийимдерди көзөмөлдүк далдаштыруу белгилер менен маркалоону киргизүү тартиби аныкталат. Бул багыттагы бардык иштер Евразиялык экономикалык биримдик комиссиясынын каражатынын эсебинен жүргүзүлмөкчү.