Баткен облусунда туура эмес агымдарга кирип кетүүдөн сактануу жана учурдагы диний абал талкууланды

Баткен облусунда туура эмес агымдарга кирип кетүүдөн сактануу жана ислам баалуулуктары туурасында жыйын өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Баткен шаарында учурдагы диний абал боюнча талкуу болду. Калкты руханий жактан тарбиялоо жана салттуу ислам дининин баалуулуктарынын өзгөчө орду белгиленди.

"Бүгүнкү жыйында ислам динин чүмбөт кылып, туура эмес агымдарга кирип кеткен жаштарга насаат айтуу менен бирге башка агымдарга бөгөт коюу жана ага каршы турууну максат кылат", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук казыят кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан