Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда "Китеп кербени" акциясы өткөрүлдү

Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда "Китеп кербени" акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Көк-Жар кичи районундагы №11-китепканасында акция өткөрүлүп, ага жергиликтүү тургундар, билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

"Акциянын максаты - балдарга ар тараптуу билим берүү, окурмандардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу. Ал эми иш-чаранын алкагында "Бирге окуйбуз", "Сүрөт тартуу", "Поле чудес", "Чет өлкөдө билим алуу" сыяктуу билим деңгээлин текшерген сынактар, ага улай спорттук мелдештер да өткөрүлдү", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Акция Тарых жана маданият жылына карата уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан