Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында өзүн жаман сезип кулаган адамга "Тез жардам" чакырылган эмес. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук жалпы практикалык борборунун башчысынын орун басары Гүлнара Токтахунова билдирди.
"Өзүн жаман сезип кулаган адамга "Тез жардам" кызматы чакырылган эмес. Ал адам мас абалындагы жергиликтүү жашоочу болгон. Ал дайыма мас абалда жүрөт. Азыр дагы райондун борборунда спирт ичимдигин ичип алып жүргөнү боюнча медицина кызматкерлери такташты. Ал башкаларга жалданма жумушчу болуп иштеп, тапкан каражатына спирт ичимдигин ичип жүргөн адам", - деп билдирди Токтахунова.
"20-июнь күнү өзүн жаман сезип кулап калды делген адам аялдаманын жанында жерде жатканда, Елена Ковлеченко аттуу медицина кызматкери "Тез жардам" кызматынын унаасында баратып өзү токтогон. Жарандын кан басымын текшерип нормалдуу экенин аныктаган. Башкача айтканда, медициналык жардамга муктаж эместигин тактаган. Ошол эле учурда Ковлеченко милиция кызматкерлерине телефон чалып, мас абалдагы адам жатканын айткан", - деп кошумчалады Гүлнара Токтахунова.
Эскерте кетсек, 20-июнь күнү окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына "өзүн жаман сезип кулаган адамга "Тез жардам" кызматы жардам бербей кетип калды" деген маалымат жиберген.