Атай Өмүрзаков чогултулган акча каражатынан баш тартып, аны муктаж болгон балдарга берүүнү чечти

Белгилүү бийчи, "Тумар КР" тобу менен түрдүү эл аралык сынактарга катышып, кыргыз өлкөсүнүн атын дүйнөгө таанытып жаткан Атай Өмүрзаков ири масштабдагы долбоорду ишке ашыруу үчүн жардам сурап коомчулукка кайрылган. Кайрат Бекмамбетов аттуу жаран бийчилерге жардам көрсөтүү максатында акча каражатын чогултуу боюнча марафон да уюштурган эле. Бүгүн, 22-июнда Атай Өмүрзаков "Биз мындай жол менен акча чогултууну каалаган жокпуз. Андыктан чогултулган каражатты муктаж болгон балдарга берүүнү чечтик" деп коомчулукка билдирүү жасады.

"Ири долбоорду ишке ашырууда колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Биздин пост менен бөлүшүп, күчтүү инвесторлорго жеткирүүгө аракет кылганыңыздарга рахмат! Ар бириңиздердин колдооңуздар биз үчүн маанилүү. Бул нерсе алдыга койгон максаттарыбызга жетүүгө дем-күч берет. Баарыңыздар билгендей, Кайрат Бекмамбетов демилге көтөрүп, акча чогултуу боюнча марафон уюштурган эле. Биздин көрсөтүүбүзгө өз салымын кошом дегендер абдан көп экен жана аз эмес акча каражаты чогулду.

Бирок биз мындай жол менен акча чогултууну каалаган жокпуз. Андыктан чогултулган каражатты муктаж болгон балдарга берүүнү чечтик. Биз кайрылуубузду компанияларга, ишкерлерге жолдогонбуз, себеби "Шоу" - коммерциялык багыттагы долбоор. Андыктан каржылык жаатында бизге да, инвесторлорго да пайда алып келмек. Мындай чечим кабыл алганыбызды түшүнүү менен кабыл аласыздар деп үмүттөнөбүз.

Биз дагы да болсо мурункудай эле колубуздан келишинче таланттуу балдарды колдоого жана эл аралык сынактарга катышууга жардам берүүгө аракет кылабыз.

"Шоу" долбоору боюнча инвесторлорду издөөнү уланта беребиз жана дүйнөнү багынтуу боюнча планыбыз ишке ашат деген ниеттебиз", - деп жазып чыкты Атай Өмүрзаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
ELIMA91
2016-06-22 14:11:13
Туура кылыптыр Азаматсынар балдар!!
+6
ekaterinburg
2016-06-22 14:41:42
Акылына береке!!!Оркундой бер,осо бер Атайчик!!!
+3
KaiMak
2016-06-22 15:17:22
базар жок...
0
kama_future_millioner
2016-06-22 16:29:31
Азаматсың
+2
Futuro
2016-06-22 17:45:27
500миң чогулду. 100миң детдомго. 100миң администраторго Атайдын. Калганы төртөөнө.
-2
Aitunuk
2016-06-22 19:41:44
Азамат! Ушундай адамдарды сыйлайм. Тилегиңер ишке ашсын!
+1
Rashinboy
2016-06-22 20:01:21
Көлдүк да кантсе да
-2
Bolotmyrzaa
2016-06-22 21:08:37
Азаматсын Атай! Негизи сен сыяктуу азаматтарыбызга,олко тарабынан,милдеттуу турдо колдоо корсотулушу керек деп эсептейм. Буюрса сиздерди колдойм деген озубуздун кыргыз патриоттор чыгат деген умуттомун. Сиздерди Аллах колдосун!
+3
Kroxa
2016-06-22 21:21:54
Орозодо сооп иш жасадын Атай иним ишине ийгилик!! Инвессторлорго созсуз жетип сени колдойт деген ишеним чооон,,бар бол. Каракол сени менен,:-):-):-)
+3
barakcha
2016-06-22 21:51:32
Кыргызстан сени менен!
+2
lunaika
2016-06-22 23:53:49
Ийгилик каалайм!Азаматсын Атай!
0
Paul
2016-06-23 04:40:33
Атай реальный жашоодо кандай экенин билбейсинер. Менин бир досум Атай менен бийлейт эле. Аппетити ,, нормально" экен деп болунуп , башка группа ачып алган. Анын атын айтпай эле коеюн. Азыркы учурда Атайдын кылыгы бул ПИАР!!!
-1
Aitunuk
2016-06-23 13:34:47
Paul,Атай группанын лидери, жетекчиси, түзүүчүсү, уюштуруучусу, менеджери ж.б. катары өзүнүн эмгегине жараша алса керек. Жаңылбасам, СССРде лозунг болсо керек эле "Иштесең-тиштейсиң", "Ар кимдин эмгегине жана жөндөмүнө жараша" деген сыяктуу.
+1
Paul
2016-06-25 00:27:37
Aitunuk, оо кыйын турбайсынбы! Жаман защищать эттин го Атайынды. Я пас.....
0
Aitunuk
2016-06-26 22:58:16
Paul, Атай башкалар үчүн кандай болсо, мен үчүн да дал ошондой, мага энчилөөнүн кереги жок. Табиятымдан көрө албастарды жек көрөм. ПИАРДЫ да ар ким эле жасай албайт, ага да МЭЭ керек.
0
Paul
2016-06-27 04:52:19
Aitunuk, Сенин мээн нормально иштейт экен го вроде, ПИАРды жасап кор да сен дагы!! Сен Атайды реально тааныбайсын, ошого калп эле талабын талашпасан. Мен тааныйм аны!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан