Жогорку Кеңеш "Темир жол транспорту жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөттү

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ курамына кошулуусуна байланыштуу жаңыдан иштелип чыккан "Темир жол транспорту жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, бардык фракциялардын макулдугу менен дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, темир жол тууралуу улуттук мыйзамын ЕАЭБ шарттарына шайкеш келтирүү максатында кыргыз тарап 24 айлык мөөнөт алган. Жалпысынан алганда, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарын КМШ ПАА тарабынан кабыл алынган “Темир жол транспорту жөнүндө” үлгү мыйзамдын талаптарына толук шайкеш келтирүү болжол менен 3-5 жылдын аралыгында ишке ашырылат.

Жыл сайын Орусия менен Казакстандын аймагы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына жана сыртка темир жол транспорту аркылуу 2,6 миллион тонна жүк ташылат. Ошондон улам темир жол транзиттик каттамы жок, Беларусь-Орусия-Казакстан-Кыргыз Республикасы темир жол коридорунун акыркы туюк участогу болгон Кыргыз Республикасы үчүн кыйла түйшүк жаралууда.

Мыйзам долбоорунда жаңы түшүнүктөр менен терминдерге түшүндүрмөлөр берилип, темир жол транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу маселелери аныкталганы, экономикалык түзүүчүлөр жана тарифтик саясат, темир жол транспорту чөйрөсүндөгү коопсуздук маселелери камтылганы белгилүү болду. Мыйзам долбоору кабыл алынса, бир катар укук-ченемдик актылар иштелип чыкмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан