30 жыл мурун, 1986-жылы 22-июнда атактуу аргентиналык футболчу Диего Марадона Англиянын дарбазасына колу менен гол киргизген. Бул көрүнүш Мексикада өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда катталып, кезинде чоң чууну жараткан.
Футболчу оюндан кийин бул голго "Кудайдын колу" деген ат койгон. Мелдештин жыйынтыгында Аргентина курамасы Дүйнө чемпиону аталган.