Орусиянын Москва шаарынан 2 күн мурун окурманыбыз "Элдик кабар" бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлерине нааразычылыгын жазып, маалымат жөнөткөн. Бул боюнча элчилик жооп кайтарып, кызматкерлер ордунда жок болгон учур болбогонун белгиледи.
"Порталда жарыяланган окурмандын маалыматы чындыкка дал келбейт. Элчилик жана анын консулдук бөлүмү бекитилген иш графигине ылайык өз кызматын аткарышууда. Тиешелүү фактыларды элчилик кароого даяр", - деп жазылат элчиликтин жообунда.