Ажылык амалдарын аткаруу үчүн Меккеге келген зыяратчылар эми электрондук билерик тагып жүрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сауд Арабия өлкөсү ажылыкка барган зыяратчыларга электрондук билерик тагат. Билерикти тагып алган зыяратчыларда анын жеке маалыматтары камтылат. Келген өлкөсү, виза номуру, паспорттук маалыматтары жана жашаган жери көрсөтүлөт. Мындан тышкары электрондук билерикте кайсы шаарда жүргөндүгү, жайгашкан жери көрсөтүлүп турат. Ошондой эле ажы башчынын байланыш номурлары жана туроператордун толук маалыматтары болот.
"Электрондук билериктеги маалыматтарды коопсуздук кызматынын өкүлдөрү смартфондун жардамы аркасында алып турушат. Мындан ары тил билбеген зыяратчылар адашып кетем деп кооптонушпайт", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.