Кыргыз Республикасынын Тарых жана маданият жылына карата Чолпон-Ата шаарында "Ысык-Көлдүн сыйкырдуу куму" аталышындагы фестиваль өтөт. 14 мамлекеттин скульпторлору катышкан мындай иш-чара Борбор Азияда биринчи жолу уюштурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда аталган фестивалдын уюштуруучусу Кубаныч Аманбеков SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүткүл дүйнөлүк союздан келген технолог топуракты текшерип, чүкө жасап көрдү. Көлдүн топурагы жарады. Эми катышуучулар II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата көчмөндөрдүн жашоосун чагылдырышат. Учурда бардык скульпторлор документтерин тапшырып, эскиздердин үстүнөн иштеп жатышат. Алар 31-июлга чейин келишет", - дейт Кубаныч Аманбеков.
Уюштуруучунун берген маалыматы боюнча, аталган долбоордун автору - Темирлан Ибраев. "Ысык-Көлдүн сыйкырдуу куму" фестивалы 31-июлда Чолпон-Ата шаарында өтөт. 14 мамлекеттин скульпторлорунун колунан жасалган эмгекти көрүү үчүн фестивалдын 1-2-күндөрү кирүү акысыз болот. Андан кийин билеттер 200 сомдон сатыла баштайт. Түшкөн каражаттын 60 пайызы фестивалдын чыгымдарына жумшалып, 40 пайызы Ысык-Көлдөгү кароосуз калган балдар үйүнө которулат.