SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Рулдагы айым" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөр:
"Мен атамдын унаа айдаганын карап жүрүп үйрөнүп кеткем. Айдоочулук күбөлүгүм бар, бирок чоң жолдордо айдагандан корком. Тар жерге унаамды коё албайм. Алдымда бара жаткан унаанын артынан жай айдап кете берем. Айымдардын машина айдаганы мага жакшы, жагымдуу көрүнөт".
"Атамдын мотоцикли бар болчу, кичинемде ыйлап жүрүп ошону айдаганды үйрөнгөм. Үйрөнүп жатканда жыгылып, түбөлүккө тырык да алгам. 2008-жылы окуп, айдоочунун күбөлүгүн алдым. Тыгында турганда же шашылганда тормоз менен газды алмаштырып басып алам. Ошол адатымды таштасам жакшы болмок. Негизи, жакшы эле айдайм, а оңдогон жагынан жокмун. Бир күнү унаам жолдо бузулса талаада калам го..."
"Kыргыз жеринин жолдорунда унаа айдагандардын тең жарымы аялдар го, бүгүн аларсыз жол кыймылын элестетүү да кыйын. Илгери шаарга келгенде троллейбус айдаган аялдарды көрүп таң калар элем, азыр эми ар бир үчүнчү айым айдоочу. Статистикага көңүл бурсак, эркек айдоочуларга караганда айымдар жол эрежесин көп бузушпайт экен. "Жол азабы - көр азабы" деп коёт го, эгер жолдон унаасы бузулуп калса кантип оңдошор экен деген ой келет. Мен унаа айдаганды эч эле үйрөнө албай койдум. Бир анекдот эсиме түшүп кетти: бир аял машина айдаганды үйрөнүп, көчөгө жалгыз айдап чыгат. Жолдо баратса машинанын бир тетиги түшүп калат экен. Ал айым машинасынан түшүп, баягы тетикти унаасына салып жолун улантат. Үйүнө жетип жолдошуна "машинамдын тетиги түшүп калды, оңдоп койчу" дейт. Күйөөсү барып караса, машинанын тетиги эмей эле, жолдогу люктун капкагы экен".
"Мен 3-курста окуп жүргөндө жол эрежелери сабагынан унаа айдаганы чыкчу элек, унаабыз Тико эле. Агайыбыз жоош болгондуктан, кең көчөлөргө келгенде 100гө салып айдап кетип калчубуз. Бирок айдаганды шаардын ичинен үйрөнүш керек экен. Айдап баратып жол чырактын жанына келгенде Тикобуз өчүп калчу. Көп эле жолу машина айдоого чыккан экенмин, бирок баары бир артка айдаганды, унааны түз токтотконду үйрөнө албадым. Мен түз эле жол менен айдап кете беришим керек".
"Мен айдоочулук күбөлүгүмдү окуп алгам. Мага унаа айдаганды үйрөткөн инструкторлор аман эле болушсун. Акчанын тартыштыгынан Жигули менен үйрөнгөм. Азыр ойлоп көрсөм, эч нерсе үйрөтпөптүр, аларга эптеп эле убакытын өтүшү керек экен. Унаа айдаганга кызыгып, жолдошумдан талашып айдап жүрүп үйрөндүм. "Чуңкурга түшүп кеттиң" деп көп жолу уруш жедим. Ага болбой "үйрөтчү" деп жүрүп үйрөндүм. Азыр шаар ичинде анча-мынча жигиттерден кем калбай айдайм. Кош бойлуу болгондон бери акырын айдаганга аракет кылам. Аялзаты коркок келет да, сигнал басып жиберет, качырып айдаган шок жигиттер бар, аларга маани бербей айдаганга аракет кылыш керек. Мени бир жолу капталымдан бир бала "бол айдабайсыңбы" деп качырып койсо коркконуман газды басып алып аз жерден калгам. Эрежени билип, акырын айдасаңыз эле көнүп кетесиз".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.