Кыргыз товарларын Евразия биримдигине кирген өлкөлөргө сатуу боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйында сапаттуу товарларды камдоо менен бирге товар өндүрүүчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл экени, сүт, эт азыгын өндүрүп сатууда мал чарбачылык коопсуздугун сактоо керек экендиги айтылды. Мындан сырткары өлкөдө өндүрүлгөн органикалык продукцияларды сыртка экспорттоого сертификаттын жоктугу тоскоолдук жаратып жатканы боюнча сөз болду.
"Учурда улуттук суусундуктарды эл аралык рынокко алып чыгуу аракетин көрүп жатабыз. Бул боюнча ЕАЭБдин тийиштүү кызматтарына маалымат берип, сунуш киргиздик. Эгерде биз көтөргөн маселе ишке ашып калса, анда Евразия биримдигинин рыногунда аброй таба алабыз. Анткени биздин улуттук суусундуктар чет өлкөлүктөрдү кайдыгер калтырбайт", - деп билдирди Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу борборунун директору Бердимамат Аданбаев.
"Бүгүнкү күндө эл аралык стандартка ылайык сапаттуу, химикат кошулбаган товар өндүрүүдө фермерлер жана дыйкандар менен тыгыз иштешүү керек. Мында кызыкчылык бир гана чет өлкөгө товар өткөрүү эмес. Биз өзүбүз, балдарыбыз химикат кошулбаган таза, сапаттуу азыктар менен тамактанабыз", - деди Сапаттуулук коомунун өкүлү Гүлнара Жусупжанова.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын штаттан сырткаркы эксперти Азамат Темиркулов, экономика министринин орун басары Элдар Абакиров, Бажы кызматынын адистери, коомдук уюмдун өкүлдөрү жана экономикалык эксперттер катышты.