Нарында мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, 23-июнда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлеринин күнү белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын облус башчы Аманбай Кайыпов кесиптик майрамы менен куттуктап, бардык тармакта иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлерди жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

"Аткарып жаткан ишибиз чоң жоопкерчиликти талап кылат. Ар бирибиз кабыл алып жаткан чечим облусубуздун социалдык-экономикалык өсүүсүнө таасирин берет. 5-6 жыл мурунку убакка салыштырмалуу азыркы учурда мамлекеттик органдарга кайрылган жарандар маселесин ачык-айкын түз жеткире алышат. Андыктан кайсы тармакта болбосун, маселелерди чечүүдө жоопкерчиликтүү болуу ишибизге ийгилик алып келүүсүн шарттайт", - деди облус башчысы.

Андан соң кызматында үзүрлүү эмгектенип, мыкты ийгиликтерди жаратып жаткан мамлекеттик кызматкерлерге ыраазычылык кат, акчалай сыйлыктар, ошондой эле он кызматкерге өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасын тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан