Бишкек шаары боюнча 76 окуучу "Алтын бүтүрүүчү" төш белгиси менен сыйланды (фоторепортаж)

Бишкек шаары боюнча 11-классты аяктаган окуучуларга аттестаттар тапшырылды. Анын ичинен борбор калаада ийгилик жараткан алдынкы окуучуларга "Бишкек шаарынын алтын бүтүрүүчүсү" төш белгилери тагылды.

Быйыл Бишкек шаары боюнча 5464 мектеп бүтүрүүчүсү жалпы орто билими жөнүндө аттестат алды. Анын ичинен артыкчылык аттестаты менен бүткөн 76 окуучуга "Бишкек шаарынын алтын бүтүрүүчүсү" төш белгиси тагылды. Салтанатка Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, район акимдери жана окуучулардын ата-энелери катышты. Аземдин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө ак жол каалаган тилектер айтылды. Салтанаттын соңунда ыр-бий тартууланды.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча 2015-2016-окуу жылында 11-классты 62 миң, ал эми 9-классты 93 миң окуучу аяктады.

Бүтүрүүчүлөр аттестат алышты
Бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Patriot..kg
2016-06-23 18:32:10
Азаматсынар.
Менда аттестат алдым бүгүн.
0
M89
2016-06-23 18:51:13
Азаматсынар. Билиминерди пайдалуу жака жумшагыла
+1
KGstan1981
2016-06-23 19:19:54
Супер Инфо судья Жедигер Саалаевтин кызы жон-до маалымат жокко кенири маалымат берип коюнуздарды суранам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан