Бүгүн, 23-июнда орусиялык белгилүү ырчы Валерий Меладзе 51 жашын белгилеп жатат. Ал бала кезинде ырчы болууну кыялданган эмес. Ата-энеси музыка сүйүүчүлөрү болгондуктан, Валерийди жана агасы Константинди музыкалык мектепке беришкен.
Бир тууган Меладзелер бүгүнкү ийгиликке акырындап жетишкен. 1994-жылы Меладзенин "Не тревожь мне душу, скрипка" ("Скрипка, жан дүйнөмдүн тынчын алба") аттуу ыры хитке айланат. Ошол ыры менен Валерий "Жылдын ачылышы" наамына ээ болуп, көптөгөн көрүнүктүү адамдардын көзүнө илине баштайт. Алардын бири Алла Пугачёва болгон. Примадонна аны өзүнүн жаңы жылдык кечесине чакырат. Меладзенин чоң шоу-бизнеске аралашып калуусуна дал ушул кече себепкер болгон.
Маалыматтарга караганда, учурда Валерий Меладзе сүйүктүүсү Альбина Жанабаева менен Нью-Йорк шаарында сейилдеп жүрөт. 51-туулган күнүн белгилеп жаткан ырчы көптөгөн конокторду чакырбай, тынч эле белгилөөнү чечкен.
23-июндун жылнаамасы.