Ош шаарында "Ош-Тазалык" ишканасынын жумушчуларына сүт бериле баштады (фото)
Ош шаарында "Ош-Тазалык" ишканасынын жумушчуларына сүт бериле баштады. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда SUPER.KG порталына "Ош-Тазалык" ишканасынын басма сөз катчысы Динара Касымова билдирди.
"Тазалык" ишканасында эмгектенгендер үчүн 2016-жылдын башында жумушчуларга сүт берүү чечими чыккан. Бүгүндөн баштап жумушчуларга ден соолукка зыян алып келген жумуштарды аткаргандыгы үчүн күн сайын 200 грамм өлчөмүндө сүт бериле баштады. Ар бир кызматкер мындан ары таңкы саат төрттө сүт ичип, жумушка киришет.
"Ош шаарында 450 тазалык кызматкери эмгектенет. Жумушчулардын иш убактысы таңкы саат 04:00дө башталат. Ишкананын балансында 56 автоунаа болсо, анын 46сы таштанды ташуу үчүн кызмат аткарат. Күн сайын 46 техника шаар аймагын кыдырып, 1200-1300 куб таштанды чыгарууга жетишет", - деп кошумчалады "Ош-Тазалык" ишканасынын башчысы Талант Капаров.
sirgak_92,т туура айтасыз .Таза шаар учун иштеп журушот менда сыйлайм.Сиздердин мээнетиңиздер ак.
+3
Sayragul
2016-06-24 09:08:48
Ооба, "Ош-Тазалык" ишканасы башка жакты билбейм, Туштук чыгыш мкр (ЮгоВосток) укмуш тазалап, шыпырып турушат. Эл дагы жумуш жасаган адамдардын эмгегин баалап, кичине тазалыкты сакташса. Чон-чон эле адамдар туш болгон жерге колундагыларды тыштап кетип калгандарына канча кубо болобуз. Айтсан тарбия корбогондор кайра озунду уят кылышат.
+2
ularik_kg
2016-06-25 09:09:52
Сиздерге таазим,адал эмгек менен үй-бүлө багып атасыздар
0
Kyrgyz81
2016-06-25 23:53:00
Сут бергендин ордуна айлык акысын которуп койсо жакшы болмок сутту оздору алып ичмек
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.