“Кумтөр” маселесин чечүүнүн 2 гана жолу бар”,- деди биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүнкү, 5-апрелдеги ЖКдагы “Ата Журт” фракциясынын жыйынында. Анын айтымында, же Центерра бүгүнкү салык тутуму боюнча иш алып барышы керек, же келишимди жокко чыгаруу керек. "Эгерде биз келишимди жокко чыгарууга барабыз десек, анда бардык тобокелдиктерди эске алуубуз зарыл. Ал алтын кенинде 2,5 миң жаран эмгектенет. Компаниянын 1 миңден ашуун акционери бар. Алардын баары бизди сотко берет”,- деди Оторбаев.