ЖЫЛНААМА, 24-ИЮНЬ: Миллиондордун кумири, дүйнөдөгү мыкты футболчулардын бири Лионель Месси 29 жашка толду

Дүйнөнүн мыкты футболчусу катары 5 ирет "Алтын топ" сыйлыгын алган атактуу аргентиналык футболчу, "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Месси 29 жашка толду. Болочок футболчу 1987-жылы 24-июнда Аргентинанын Росарио шаарында туулган.

Месси футболго 5 жашында келген. 1999-жылы өзү жашаган шаардагы “Ньюэллзолд Бойз” командасына чакырылып, бир аз убакыттын ичинде командадагы эң мыкты оюнчу аталган.

2000-жылы 30-октябрда 13 жаштагы Лионель Месси “Барселона” жаштар командасына алынган. Команданын негизги курамына 2003-жылы кошулуп, оюндарга 2004-жылдан тарта чыга баштаган. Ал "Барселонанын" негизги командасы үчүн алгачкы голун киргизгенде 17 гана жашта болчу.
Лео 13 жылдык профессионалдык карьерасында эң ийгиликтүү оюнчулардын катарын толуктай алды. 5 ирет дүйнөнүн мыкты футболчусу катары "Алтын топ" сыйлыгын алып, "Барсанын" курамында 8 ирет Испания чемпиону аталган. Буга катар 4 ирет Чемпиондор Лигасын уткан. Бүгүнкү күндө ал клубдун тарыхындагы мыкты бомбардири, 574 оюнда 482 гол жараткан.
Аргентина курамасынын тарыхында эң көп гол жараткан футболчуга айланганына көп убакыт боло элек. Улуттук курам үчүн ал 113 оюнда 55 гол жаратты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nureles92
2016-06-24 08:49:02
Красавчик тулган кунуң менен
0
Beksultan-007
2016-06-24 09:37:27
40 жашына чейин ойноп бизди кубантабер. Ден соолук каалайм!!!
0
barsa30
2016-06-24 09:56:40
Куттуктайм!!бугун тушко кирдинго..корсо туулган кунун экен.
+2
Patriot..kg
2016-06-24 10:09:01
Туулган. Кунун менен
0
Aduk_aksuu
2016-06-24 14:44:03
Мессиге сакал жарашпайт екен анчалык азыргы учурда сакал коюп алыптыр кары корсотуп койот екен жаш жургону жакшыго не болсода туулган кунун менен Лео
0
tashi62
2016-06-24 15:20:51
Мыкты бой көтөрбөгөн футболчу .
+2
edik07
2016-06-26 18:33:15
Карапайым муктаж адамдарга бирда жардам бербейт экен пепе мн роналдо жардам берет месси казинодон чыкбайт экен жакбайт мага лично
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан