Панфилов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги өрттөнгөн көп кабаттуу имарат (фото, видео)

Логвиненко көчөсү Жибек-Жолунан Фрунзе көчөсүнө чейин, Панфилов көчөсү Жибек-Жолунан Фрунзе көчөсүнө чейин жабылып, унаа каттамы токтотулган. Аталган жолдордун эки багыты тең патрулдук милиция тарабынан тосулган. Шаар тургундары тротуар менен өтүп жатышат.

"Бизге жолду жапкыла деп буйрук берди, жаптык. Бул кадам элдин коопсуздугу үчүн", - деп билдирди өзүн тааныштырбаган милиция кызматкери.

Күйгөн жыгачтар бала бакчанын, ишканалардын короолоруна кулаган. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

Өрттөнгөн үйдүн курулушунда иштеген жумушчунун айтымында, өрт чыкканда көп кабаттуу үйдө адамдар бар болгон, ошондой эле өрт батирлердин биринде оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда жарылуудан чыккан. Ал эми өрттүн келип чыгуусу боюнча расмий жыйынтык чыга элек. Маалыматтарга ылайык, бул имарат "Borsan Construction" компаниясы тарабынан салынып жаткан.

Панфилов, Логвиненко көчөлөрү өрттөн кийин жабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан