Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Баатыры, учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен жолугушту. Бул тууралуу 24-июнда Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Асхат Акибаев жана Салижан Шарипов Орусиянын космонавттарынын Ысык-Көлдө эс алуу жана реабилитациялоодон өтүү мүмкүндүгү тууралуу сүйлөшүштү. "Бир нече жылдан бери иштеп келе жаткан Ысык-Көлдүн мыкты дарылоо санаторийлери, бийик тоодогу көл, кайталангыс климаты, жаратылышы космонавттардын учуусуна жакшы даярдык бере алат жана учуудан кийин калыпка келүү үчүн жакшы шарттарды түзөт", - дейт Акибаев.
"Кыргыз жергесин көргөндөр жылуу сөз менен эскеришет. Ачык космоско чыккан Алексей Леонов Ысык-Көлдү көрүп, аны "Жердин көзү" деп атаган. Бул сунуш Космонавттарды даярдоочу борбордун жетекчилигинен колдоо табат деп ойлойм", - деди Шарипов.