Бишкектин Биринчи Май районунун администрациясы райондогу 36 көп балалуу энени Баатыр эне ордени, Эне даңкы медалдары менен сыйлады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Баатыр эне ордени менен 20 эне сыйланса, Эне даңкы медалы менен 16сы сыйланды", - деп айтылат маалыматта.
Энелерди райондун башчысынын атынан биринчи орун басары Канат Бейшенов куттуктап, өсүп келе жаткан муун үчүн энелер берген тарбия чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Мындан тышкары энелерге ден соолук, бакыт жана амандык каалады. Маалыматка ылайык, сыйланган энелерге медициналык тейлөөдө жана социалдык маселелерди чечүүдө жардам көрсөтүлүп келет.