СУПЕРСТАН: "Жеңемди ала качканы барганда достору байкемдин өзүн унутуп калышкан"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мени ала качканда..." деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөр:

"Бир күнү курбумду ала качты, жанында мен да бармын. Ызы-чуу, ал байкушту сүйрөп башка бөлмөгө киргизип кетишти, мен калчылдап, титиреп жанында жүрөм. Отурбай кыйкырып чаң салды, анан жеңеси "ал отурбаса дос кызын отургузабыз" десе болобу! Жүрөгүм ого бетер оозума тыгылып "оо, Кудай, досум отуруп эле калса экен" деп тиленгем. Курбум аягында отурду. Көрсө, өзүнүн эле мурунку жигити экен. Мени ээрчитип алганын кантейин, конокко барабыз деп. Конок болбой эле, үйгө кеткиче шаштым. Ошондон кийин айылчылабай калдым".

"Досум экөөбүз аяшты Бишкектен Кара-Балтага ала качканбыз. Сокулукка жеткенге чейин ыйлап барды. Азыр жакшынакай жашап жатышат, балалуу да болушту. Бактылуу өмүр сүрө беришсин".

"2000-жылы бир досума кыз ала качканбыз. Ал кыз айылда, талаада күн карама жыйнап жүргөн жеринен аңдып жүрүп “Мерсквичке” салып коңшу айылга алып кеткенбиз. Өзүнүн эле сүйлөшүп жүргөн кызы, бирок ал убакта кыз жаш болчу, ата-энелери көнбөй, коңшу айылдагы таежесинин үйүндө үч күн жүргөнбүз. Күндө майрам, эжесинин кыздары, балдары болуп үч күн өзүнчө той кылганбыз. Кудалар эмне болуп жатышкандары менен ишибиз жок жүрө бердик.

Ала качкан кызыбыз чоң, күчтүү, каймак-май жеп, ат минип чоңойгон кыз болчу. Айдоочу улуу киши эле, аны рулга жабыштыра-жабыштыра тепкенде "Кызым, койчу эми, менде эмне күнөө?" деп коёт. Бизди уруп-чаап, чымчып жатып бүт денебизди көгөртүп койгон. Үчөөбүздүн күчүбүз жетпей, көтөрө албай, үйгө сүйрөп киргизгенбиз. Үч күн чогуу жашап, бизге да көнүп калды, биз болсо аяш деп сүйлөп калганбыз. Эң кызык жери кыздын апасы келгенде башталды. Үч күндөн кийин, “келе жатат” дегенде коркуп качканга жетишпей, үйдөн чыга албай калдык. Биринчи мени көрө калып “баарыңды сотко берем” деп атырылып, мен качып баратканда суусу бар 5 литрлик канистра менен урган. Бутума тийип, баса албай канча жүрдүм, экинчи досумду даарат кылчу алюминий чөөгүн менен урган экен, маңдайы бир аз жарылган. Үчүнчүбүз парданын ары жагына жашынып калыптыр, бир саат кыймылдабай тик турган, себеби ошол бөлмөдө сый көрүп отурушкан да. Акыры көнүштү. Азыркыга чейин айтып күлөбүз, азыр үч балалуу болуп, сонун жашашат".

"Менин байкем ала качуу деген жерден калчу эмес. Апам “кимисинин ата-энеси соттотор экен, жөн жүрсөңчү” деп урушуп калчу. Oшондой ала качуусун бизге айтып берди эле. Бир күнү Бишкектен бир кызды ала качып, байкушту жулкулдатып салып келишкен экен. Тиги кыз жол бою ыйлап, макияжы агып, бетинин баары капкара болуп калыптыр. Балыкчыга жете бербей Чүй суусу агат, ошол жерден машинаны токтотуп байкем тиги кызга "тур, түш" дептир да, бетин сууга жууп алсын деген ойдо. Антсе шаардык кыз "байке, өлтүрбөңүзчү, суранам" деп коёт дейт".

"Агамдын достору болуп жеңемди ала качып келгендегилери укмуш болгон. Үч күн ала качабыз деп барып, кыз аны байкап калып үйүнөн чыкпай койгон. Үч күндөн кийин сыртка чыгып келатканда ала качышып, машинага үч бүктөп салып кетишиптир. Баарынан кызыгы, достору байкемди унутуп коюп машинаны зуулдаткан бойдон үйгө келе беришиптир. Айласы кеткен байкем жол тосуп, артынан араң келген".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Xanbiyken
2016-06-24 13:07:27
Xaxago
+2
Malik92
2016-06-24 13:12:15
Менин акен женемди алып качканы барганда 1-2 досу Атасын алаксытып турушкан калган достору менен уйунун ичине кирип которуп чыгышкан, кызыгы акем бут кийимин чечип кирип алыптыр шашылып которуп чыгып кетип жатышса токтогула бут кийимимди кийип алайын деп токтошкон экен.
+2
Bahira
2016-06-24 17:54:48
Оло каткырдымго чиркин айрыкча апасы 5л канстир менен атып урган жеринде
0
stervella415
2016-06-25 20:05:36
Апасы саваган менен агасын унутуп койгондору жакшы екен,до сих пор кулуп атам::::)))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан