Бишкек шаарында үчүнчү ирет "Мото айым-2016" сынагы өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, сынактын максаты - демилгелүү жана активдүү жаштарды аныктоо, мотоцикл маданиятына жаштардын көңүлүн буруу. Алгач катышууну каалагандар жолдо жүрүүнүн эрежелери, мотоциклди айдоо тууралуу билим алышат. Сынак 19-августта өтөрү пландалып, 100дөй кыз-келиндин катышуусу күтүлүүдө.
Алгачкы жолу "Мото айым" сынагы 2014-жылы уюштурулуп, анда 30дай сулуу катышкан. Кийинки жолу катышуучулардын саны 50гө жеткен.