Акыркы жылдары үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жоопко тартылгандардын саны өсүүдө

Акыркы жылдары үй-бүлөлүк зомбулук боюнча административдик жоопкерчиликке тартылгандардын саны өсүүдө. Тиешелүү статистика бүгүн, 24-июнда "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо маселесине арналган коомдук угууда көрсөтүлдү.

Маалым болгондой, 2010-жылы үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 920 адам жоопко тартылса, 2011-жылы 1097ге жеткен. "2012-жылы 1163 адам, 2013-жылы 1302 адам, 2014-жылы 1624 адам административдик жоопкерчиликке тартылган. Алардын көбү мас абалында үй-бүлөлүк зомбулукка барышкан", - дешти баяндамачылар.

Мындан тышкары алар үй-бүлөлүк зомбулук боюнча козголгон кылмыш иштеринин статистикасын көрсөтүштү:

2010-жылы 38 кылмыш иши;

2011-жылы 231 кылмыш иши;

2012-жылы 183 кылмыш иши;

2013-жылы 175 кылмыш иши;

2014-жылы 243 кылмыш иши.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Usow
2016-06-24 16:12:51
барган сайын адамдар айбанга айланып бартат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан