Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын 95 пайызын аялдар түзөт

Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын 95 пайызын аялдар түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук угууда адис Лариса Илибезова билдирди.

Анын айтымында, 2004-жылы милиция тарабынан 62 убактылуу коргоо ордери берилсе, 2014-жылы 2619 ордер берилген. "2007-2009-жылдары убактылуу коргоо ордерлеринин берилиши кыйла өскөн. Анткени үй-бүлөлүк зомбулук маселеси боюнча парламенттин деңгээлинде талкуу жүргүзүлгөн. 2011-2015-жылдардын аралыгында жыл сайын 8 миңден 12 миңге чейин милицияны чакыруу болгон. 2014-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 5658 адам кайрылган", - деди адис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан