Борбордук фонтандар шаардыктар үчүн иштөөнү улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Бишкек суу-канал" башкармалыгынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Бишкектин фонтандары белгиленген тартип боюнча иштөөдө. Эмен багындагы жана борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы фонтандар саат 10:00дөн 21:00гө чейин иштеп, 14:00дөн 16:00гө чейин насостук жабдууларды муздатуу үчүн өчүрүлөт. Мындан тышкары "Бишкек суу-канал" башкармалыгы фонтандарды үзгүлтүксүз жууп, суу жолдорун тазалап, сууну алмаштырып турушарын кошумчалаган.
"Күн балыктары" фонтанынын тарыхый баалуулугу бар болгондуктан, фонтандын бетиндеги элементтерди жаңыртуу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп кошумчалашкан башкармалыктан.
Аталган башкармалыктын балансында 17 муниципалдык фонтан бар болсо, Тарых музейинин алдындагысы жаңыланууда.