Падыша Салман атындагы Гуманитардык жардам көрсөтүү борбору жер титирөөдөн жабыр тарткан Ош облусунун тургундарына гуманитардык жардам алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Ош облустук маалымат кызматы кабарлады.
"Жалпы суммасы 1 миллион долларга барабар болгон 100 тоннадан ашуун гуманитардык жүктүн 70 тоннага жакыны кечээ күнү эки учак менен Ошко жеткирилди. Одеялдар жана электр плиталары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын сактоочу жайына түшүрүлдү. Ал эми гуманитардык жардамдын калганы бүгүн атайын учак менен Сауд Арабиядан келди. Гуманитардык жүктү Насер бин Мутлак аль-Субайа баштаган топ алып келди", - деп айтылат маалыматта.
Аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, Сауд Арабиянын КРдагы ыйгарымдуу элчиси Абдурахман бин Саид аль-Жума тосуп алышканы маалым болду. Келген жардамдын көлөмү аныкталган соң, атайын түзүлгөн комиссия жер титирөөдөн жабыр тарткан жарандарга бөлүштүрүп берет. Ахмаджан Махаммадов жардам үчүн ыраазычылык билдирип, алынып келинген жардамдар элге тегиз жана калыс бөлүнүп берилерин айткан.