Жугуштуу оорулар боюнча борбор: "Сибирь жарасынан 1 адам өлдү деген маалымат чындыкка дал келбейт"

Учурда WhatsApp аркылуу сибирь жарасына байланыштуу аудио жайылууда. Аудиону тараткандар бул жаранын кесепетинен 1 жаран ооруканадан көз жумганын айтып, коомчулукту эт сатып албоого үндөп жатышат. Бул боюнча бүгүн, 25-июнда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүү таратты. Министрлик учурда бул жаатта абал тынч экенин, жабырлануучулар катталбаганын белгилейт.

"Карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча республикалык борбордун директору Сабыржан Абдикаримов WhatsApp аркылуу таралып жаткан маалыматтын жалган экенин билдирди. Аталган борбордун маалыматы боюнча, өлкө аймагында жыл башынан бери сибирь жарасына байланышкан 3 факт катталып, тиешелүү чаралар көрүлгөн. Учурда өлкөдө абал туруктуу", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
shankol88
2016-06-25 13:52:45
Аллах сактасын акры заманда ушундай коп блот екен.
+3
Tansuluu09
2016-06-25 14:58:59
Тообо менин бир эжемди да ушундай оору менен ооруйт деп жакшы анализ чыгарбай эле озу жалгыз кыз эле апасы ыыйлап кызын больницага бир комнатага озун камап карашкан олот экен дешип теле каналдардан эскертуу берип жинди болушкан. Корсо жонокой жара экен билип билбей айтышканда врачтар. Азыр Эжем турмушка чыгып 2 балалуу болгон бир Жакшы жашап жатат.
0
Rifle_S
2016-06-25 15:38:56
Ушундай маалымат тараткан келесоолордун айынан текшерүү келе берип тажатты . Же иштетпейт, же тынч койбойт. Жөн эле жүрө бергиле да ар нерсени бир айтпай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан