SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыз" алгың келсе, "бала" бол!" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Кыздар "кыз" эмес дегендей, азыр бир да бала "бала" эмес. Анан эмне эле "кыз" дейсиңер? Мусулмандарда эркек да нике түндө "бала" болушу керек. Анан "кыз" издейсиңер, өзүңөр "баладан" бетер. Заманбап жашоо дейсиңер, "эркектерге боло берет", "эркектердики билинбейт" дейсиңер, бирок "кыз" алгың келсе, "бала" бол!"
"Смешно. Кыз киши эч качан эркекке теңелбеш керек. Эркек деген эркек, "девственник" көзү ачылбаган эркекке турмушка чыкмак эмесмин. Секси, "мачо", тажрыйбалуу болсун, ошо жакшы".
"Туура, арам жолго барбагыла! Келечегиңер да таза болот, бири-бирине ак болуу кандай сонун!"
"Эй, адамдар, "кандай адам болсоң, ошондой адамга туш келесиң" дегенди эмнеге билбейсиңер? "Азыр жыргап алайын, кийин сонун кыз алам" дейсиңер, сенин болочок аялың да дал ошол сөздү айтат, анан издешпей бактылуу болосуңар".
"Кыздардын чел кабыгынан да жигиттерде өйдө турган нерсе бар, ал - намыс".
"Аялдар 4 күйөөгө чыккысы келген заман. Кыздар "целка" бала издеп калган заман. Эмнелер эле болуп жатат?"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.