ЖЫЛНААМА, 26-ИЮНЬ: Франциялык футболчу Самир Насри 29 жашка толду

Теги алжирлик болгон франциялык футболчу Самир Насри 29 жашка толду. Футболчу 1987-жылы 26-июнда Франциянын Марсель шаарында туулган.
Жаш талант "Марсель" футболдук клубунун академиясында тарбияланып, 2004-жылы профессионалдык футболго кадам таштаган. 2008-жылга чейин аталган клубда ойноп, ушул жылы лондондук "Арсенал" футбол клубуна кошулган. 2011-жылы Самир англиялык “Манчестер Ситинин” курамына кошулган. Дал ушул клубда ал ийгиликке жетишип, 2 ирет Англия чемпиону аталган (2012-жылы, 2014-жылы).
Франция курамасы үчүн 41 беттеш өткөрүп, 5 гол киргизген. Франциянын азыркы машыктыруучусу Дидье Дешам менен болгон түшүнбөстүктөрдөн улам футболчу акыркы 2 жылда улуттук курамга чакырылбай келет.

26-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
new_hacker
2016-06-26 14:01:36
жакшы ойнойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан