Ажылык сапарына барчулардын өтүнүчү боюнча ажылык наркын төлөөнүн мөөнөтү узартылды

Ажылык наркын төлөөнүн мөөнөтү 30-июнга чейин узартылганын муфтияттан кабарлашты. Бул тууралуу буйрукка муфтий Максатбек ажы Токтомушев ажылык сапарына барчулардын өтүнүчү боюнча кол койгон. Ажылыктын наркы өткөн жылы 2550 доллар деп бааланса, быйыл ар бир сапарга баруучу жаран 2600 доллардан төлөмөкчү.

Эскерте кетсек, Сауд Арабия өлкөсү ажылыкка барган зыяратчыларга электрондук билерик тагат. Билерикти тагып алган зыяратчыларда анын жеке маалыматтары камтылат. Келген өлкөсү, виза номуру, паспорттук маалыматтары жана жашаган жери көрсөтүлөт. Мындан тышкары электрондук билерикте кайсы шаарда жүргөндүгү, жайгашкан жери көрсөтүлүп турат. Ошондой эле ажы башчынын байланыш номурлары жана туроператордун толук маалыматтары болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ice87
2016-06-27 09:29:51
Баруучулардын

0
talant87
2016-06-27 09:44:42
бизгеда буйрусун ажыга баарыш
-1
88inara88
2016-06-27 11:38:24
Аман эсен барып келгиле,Аллах озу колдосун.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан