Казакстандагы күйдүргү дартынан улам кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөтүлдү

Кыргыз Республикасы коңшу Казакстан өлкөсү менен болгон чек ара көзөмөлүн күчөттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда SUPER.KG порталына Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Казакстандан кирип жаткан эт азыктарына болгон ветеринардык көзөмөлдү күчөтүлгөн тартипте карап жатабыз. Бардык өткөрүү пункттарында документтер текшерилип жатат. Учурда мобилдүү топ түзүлүп, атайын рейд жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Аталган инспекция Казакстанга жана Евразиялык экономикалык комиссияга ЕАЭБ мамлекеттерине оору жуккан азык-түлүктөрдү киргизүүнү токтотууга багытталган чараларды көрүү боюнча кайрылуу жибергенин кошумчалады. Ошол эле учурда өлкө аймагында эпизоотикалык абал туруктуу экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, малдан жуккан күйдүргү оорусу менен Казакстандын Караганды облусунун тургундары ооруп жатканы катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kanykey125
2016-06-27 11:08:59
Кудайым ОЗУ сактасын ..оору сыркоо жоголуп эле кетсин..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан