Казакстандан аткезчилик жол менен 18 тонна жумуртка алып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда SUPER.KG порталына Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн “Чалдыбар унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү бекетинен КамАЗ токтотулуп, анын ичинде аткезчилик жол менен алынып келе жаткан 18 тонна жумуртка бар болуп чыкты. Учурда жумурткалар Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция тарабынан текшерүүгө алынууда.
Белгилей кетсек, Казакстандагы малдан жуккан күйдүргү оорусунан улам Кыргыз Республикасы чек ара тартибин көзөмөлдөөнү күчөттү.