Чаткалда чек арада жайгашкан Ак-Таш айылына 2,5 миллион сомдон ашуун каражатка түнкү чырактар орнотулат. Бул тууралуу бүгүн Чаткал райондук администрациясынан Мухаммедалы Эшназаров билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстан менен чектешкен Ак-Таш айылына 2 миллион 540 525 сомдук түнкү чырактар орнотулат. Учурда долбоор жазылып, даярдалып жатат. Долбоорду ишке ашырууга Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы иш-аракеттерди көрүүдө.
"Айылдын инфраструктурасын жакшыртуу максатында орнотулуп жаткан түнкү жарыктандыруу долбоору ишке ашып калса, 92 даана түнкү чырак жана электр жарыгы менен камсыздоого 1 даана трансформатор орнотулмакчы. Учурда кызуу аракеттер көрүлүүдө", - деп билдирди Эшназаров.