Бишкек шаарындагы көчөлөрдөгү жол белгилерин жаңыртуу иштери улантылууда. Бишкек мэриясынан кабарашкандай, мындан сырткары жерге жаткырылуучу желим белги сары түскө боёлууда. Орнотулуп жаткан жол белгилери мезгилдик температурадагы өзгөрүүлөргө ылайыкташкан, химиялык жана метеорологиялык таасирлерге чыдамдуу инновациялык жабдык болуп саналат.