Өлкөдө малга 40 миллион сомдук эн белги сатып алуу мерчемделүүдө

Өлкөдө малга 40 миллион сомдук эн белги (бирка) сатып алуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда SUPER.KG порталына Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, малды идентификациялоо менен өлкөдө этти чет өлкөлөргө, ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттоого жол ачылат.

"Тендер жарыяладык. Учурда жеңүүчүлөрдү тактап жатабыз. Каттоо иши сентябрда башталат. 40 миллион сомго 750 миң эн белги (бирка) алууну мерчемдеп жатабыз", - деди басма сөз кызматы.

Учурда мал каттоо боюнча пилоттук долбоор Кара-Буура, Ноокат жана Ысык-Ата райондорунда ишке ашып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Lintel
2016-06-27 15:21:19
40млн сомго 40 бакча куруп койсо болот эле
+2
Rifle_S
2016-06-27 16:33:58
Lintel, Куудулдар бекер айтты 120 койду сатып , эми 120 бука байлай баштадым деп.
+2
Lintel
2016-06-27 15:27:04
Кыргызстанга ото акылдуу япон келгенго (Божомол). Биометрика тапшырдык эми малга бирка алабыз Бул япондор бизге компьютерлерин бекер бербеген программасын чон суммага сатып акчаны сыртка чыгарып кетиштиго. Эртенки шайлоодо ар бирибиз добуш чип менен беребиз аз калды ошондо КЫРГЫЗ улутубуз жазылбай жатат паспортко бул окунучтуу
+4
aianaaiana
2016-06-27 16:14:34
Ар бир ушундай пластмасс бирка 750000миң бирка 53 сомдон туура келет экен
+1
Rifle_S
2016-06-27 16:33:31
ал 10 сом болгон учурда да бюджетти акылдуу иштетүү болбой жатат.
0
Rifle_S
2016-06-27 16:30:07
качан акыл кирет биздин депутаттарга?
Алдыда эң маанилүү иштер толтура турат го ?
1-орунда чек ара маселеси !!! Эрте жазда алатопулардын 2 БТРи кирип келип бүтүндөй Кыргызстандын тынчтыгын бузуп, анысы аз келгенсип анча мынча чыккынчылар да арам ойлорун ишке ашырып калууга аз калды го .
Ушунчалык эле келесообу ? Чек ара десе акча жок дейт.
+1
BarsBaatyr
2016-06-27 16:53:23
40 млн сомдук биркасын элден 2 эсе көп кылып өндүрөт дагы сол чөнтөкө урушат.Ал эми отчётту болсо элге бекер таркаткансып толтурушат.Бул дагы К О Р Р У П Ц И Я
0
Kroxa
2016-06-28 08:48:32
Жыргатасынар го ошол бирка менен байыйт экенбиз буюрса:-):-):-)

0
Shef87
2016-06-28 09:34:54
ошону жасабайбы акча азраак кетмек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан