"Бишкек башкы архитектура" ишканасында Бишкектин вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев жарнамалык такталардын ээлери менен жолукту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 27-июнда кабарлады.
Жолугушууда Бакытбек Дүйшөмбиев жарнамалык такталардын алынып жатканын туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Ошондой эле алардын ээлери үчүн жаңы иштелип жаткан жарнамалоонун заманбап форматтары сунушталарын кошумчалады. "Учурда Муниципалдык менчик башкармалыгы "Бишкек башкы архитектура" ишканасы менен биргеликте жарнамалык такталарды кайрадан форматтоо тууралуу долбоордун үстүндө иштеп жатат. Долбоор жарнама менен алектенгендердин сунушун эске алуу менен бекитилет", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, өз кезегинде жарнамалык ишканалардын өкүлдөрү бул демилгени колдоп, долбоор боюнча сунуштарды киргизүүгө макул болушту. Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы 2016-жылы шаардын көркүн, тоолордун көрүнүшүн бузуп жаткан 200 жарнамалык тактаны алып салууну пландаган. Шаардын борбор бөлүгүндөгү Манас, Ч.Айтматов, Чүй, Абдрахманов, Байтик баатыр көчөлөрүндөгү чоң көлөмдүү жарнамалык конструкциялар да алынат.