Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү, жүгүртүү жана импорттоо менен алектенген салык төлөөчүлөр ведомстволук отчётту тапшыруунун ордуна этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү көлөмү тууралуу декларацияларды тапшырууга милдеттүү. Бул тууралуу 27-июнда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Өкмөттүн 15-июндагы №318-токтомуна ылайык, этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү көлөмү тууралуу декларациянын формасы, ошондой эле декларацияны толтуруу жана тапшыруу тартиби бекитилген, атап айтканда:
- Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү көлөмү тууралуу декларация жана ага карата “Уюм боюнча маалыматтар”, “Обочолонгон бөлүктөр боюнча маалыматтар” тиркемелери;
- Этил спиртинин иш жүзүндө өндүрүлгөн жана сатылган көлөмү тууралуу декларация;
- Этил спиртинин жана алкоголдук продукциялардын алдыдагы отчёттук жыл үчүн болжонгон көлөмү боюнча декларация;
- Этил спиртинин жана алкоголдук продукциялардын иш жүзүндө импорттолгон жана сатылган көлөмү тууралуу декларация;
- Этил спиртинин ишканалар боюнча сатылган көлөмү тууралуу декларация;
- Этил спиртинин атайын керектөөчүлөр тарабынан пайдаланылган көлөмү тууралуу декларация;
Көрсөтүлгөн декларацияларды киргизүү менен ишканалар жана уюмдар "Алко-1" формасындагы ведомстволук статистикалык отчётту тапшырышпайт.
Декларацияларды салык төлөөчүлөрдүн катталган жериндеги алкоголдук рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча МСКнын аймактык башкармалыктарына тапшыруу керек.
Декларациянын бекитилген тартиби жана формалары, ошондой эле алдыдагы салыктык мезгил үчүн болжолдуу пландарды аныктоо методикасы салык төлөөчүлөр үчүн салыктык отчётту тапшырууну ыңгайлаштыруу жана жөнөкөйлөштүрүү, ошондой эле алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү эсебин алуу, көзөмөлдөөнү жакшыртуу жана алкоголь тармагындагы көмүскө экономиканы кыскартуу максатында киргизилди.