Чүй облусунда Чүй суусунун жээгин бекемдөө иштери улантылып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Азыркы учурда Чүй суусунун сол жээгин бекемдөө үчүн ӨКМнын түндүк борборунан 2 Хово, 1 экскаватор жана 1 жүктөгүч тартылып, Чоң-Кемин капчыгайынан таш ташылып, жээк бекемдөө иштери улантылууда. 27-июнда таштарды жээкке тизип башташты.
26-июнда Кемин районунун Жаңы-Алыш айылынан агып өтүүчү Чүй суусу жеп кетүү коркунучу бар тилкелердин жээгин бекемдөө иштери улантылды.