Бишкектеги Ленин районунда жайкы сууга түшүү сезону ачылды

Бишкек шаарынын Ленин районундагы жайкы сууга түшүү сезонунун ачылыш аземи белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жайкы сууга түшүү сезонунун ачылышына өспүрүм балдар чакырылган. Жалпысынан аземге 110 бала тартылган. Салтанатка район акими, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

"Балдар - биздин келечегибиз. Аларга шарт түзүп, бактылуу балалыкты камсыздап беришибиз керек. Келечекте балдар үчүн мындан да жакшы шарттарды түзүп беребиз", - деп билдирди район акими Нурдин Тынаев.

Иш-чаранын жүрүшү райондогу Балдар чыгармачылык борборунун концерттик программасы менен коштолду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан