30 айда 80ден ашуун бала түрдүү кыйынчылыктарга кабылган. 7 жаштан өйдө 24 кыз сексуалдык зордуктоого туш болгон

30 айда 80ден ашуун бала түрдүү кыйынчылыктарга кабылган. 7 жаштан өйдө 24 кыз сексуалдык зордуктоого туш болгон. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Балдарды коргоо борборунун кызматкерлери маалымат жыйынында билдиришти.

Балдарды коргоо борборунун аткаруучу директору Мира Итикеева: "Балдар түрдүү көйгөйлөргө кабылышат. Үй-бүлөдөгү зомбулук, сексуалдык зордуктоолорго туш болушат. Бирок ата-энелери, туугандары бул нерсеге көз жумуп коюшат", - деди.

"Балдарга карата зомбулукту токтотолу!" долбоорунун максаты - балдардын зордук-зомбулукка кабылган көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу. Долбоор башталгандан бери жаңы конуштардагы мектептерде зомбулуктун алдын алуу, шектүү жагдайларда эмне кылуу керек деген маселе боюнча балдардын ата-энелери, достору, коомчулуктун өкүлдөрү менен иш алып бардык.

30 айдын ичинде биздин борборго турмуштун түрдүү кыйынчылыктарына кабылган 80ден ашуун бала кайрылды. Алардын 50 пайызы кыздар, 7 жаштан өйдө 24 кыз зордуктоого кабылган. Бул жабык тема болгондуктан, канча жаш бала түрдүү зомбулукка кабылганы тууралуу так маалымат жок. Себеби көпчүлүгү айтышпайт, жашырып коюшат", - деп билдирди маалымат жыйынында долбоордун менеджери Майрам Тилебалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle_S
2016-06-28 12:05:38
Өспүрүм кыздарга , балдарга сексуалдык зордук зомбулук көрсөткөндөрдү катуу жазалаш керек. Өлүм жазасын киргизсе токтолот беле деген ой келет. Бирок биздин сот коррупцияга белинен батып турганда , бейкүнөө жарандар өлүп кетиши да мүмкүн.
0
kgalik
2016-06-28 12:14:41
оа мен кошулам, бирок Европа га окшоп озундун баланы озун уралбай турган болуп калбайлы
0
kadam
2016-06-28 14:09:17
Балдарга карата зордук-зомбулук дегенде, оюбузга сексуалдык зомбулук келет. Андан башка дагы:физикалык-денесине залал келтирип уруп сабоо, психо-эмоционалдык- соз м-н жемелеп кемсинтуу, баланы зарыл муктаждыктарынан кем кылуу, экономикалык-балага тиешелуу акча каражатын бербей коюу деп 5 турго болунот. Ар бир зомбулук, баланын келечегине балта чабат. Коомчулуктун милдети: коз жуумп койбой, тиешелуу органдарга оз убагында кайрылуу. Жаап жашыргандан пайда чыкпайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан