Кыргыз мамлекетинин эли 5-июлда Орозо айт майрамын белгилеп, эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.
Өкмөттүн 2016-жылдын 10-февралындагы токтомуна ылайык, Орозо айт жана Курман айт күндөрү майрам катары белгиленген. Министрлик муфтият 5-июлда Орозо айт майрамы болорун аныктаганын кошумчалады.