“Массалык маалымат каражаттары тууралуу” мыйзам долбооруна каршы медиа өкүлдөрү бүгүн, 28-июнда маалымат жыйын өткөрүшүп, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго жана башка депутаттарга кайрылуу жолдошту.
Катышуучулардын бири, журналист Нарын Айып мыйзам долбоору тууралуу мындай дейт:
"Акыркы мезгилде эч кимге айтылбай түрдүү мыйзамдар даярдалып жатат. Көбү чет элдик көчүрмө мыйзамдар болууда. Массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдарды кабыл алууда эч кандай журналисттик уюмдар катышпай калат. Мыйзам телеканалдарга гана тиешелүү дешүүдө, бирок коомго бирди, бизге башканы айтып, өздөрү такыр эле башка нерсени жасап жатышат. Мунун артында чоң саясат турушу мүмкүн. 20 пайыздан ашпоо керек дешет. Бул нерсе тынчсызданууну жаратат. Негизи, бул мыйзам ички сындарды токтотуу максатында жазылып жатат".
Дагы бир журналист Авланбек Жумабаев: "Мыйзамдарды эч ким менен кеңешпей, изилдөөлөрдү жүргүзбөй эле депутаттардын кабыл алуусу кейиштүү. Биз бул мыйзам долбоорун юристтер менен изилдеп чыктык. Долбоордун авторлорун да чакырдык, бирок Жанар Акаевден башка эч кимиси келген жок", - деди.
Медиа өкүлү Тамара Валиева: "Бул президенттик шайлоого даярдыктай сезилет, себеби ММКны тизгиндеп тургулары келишүүдө. Биз бул маселени дыкат көзөмөлдөп турушубуз керек. Мыйзамдын кабыл алынуусуна жол бербөө зарыл".
Жогорку Кеңештин төрагасына жана депутаттарына жолдонгон кайрылууда мыйзам долбоорун кабыл албоо чакырыгы айтылып, мыйзам кабыл алынып калса, кол койбоону президент Алмазбек Атамбаевден суранышты.