Жарандардын эсине: Паспорттун баасы - 137 сом 50 тыйын, андан ашыгы - коррупция

Кыргыз Республикасынын жарандарына ID-карта даярдап берүүнүн баасы - 137 сом 50 тыйын. Өлкөнүн бардык жеринде паспорт бөлүмүнүн кызматкерлеринин мындан ашык сумманы талап кылууга акысы жок.

Маалыматты 28-июнда SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Элзат Кыдырмышова билдирди. Паспорттун өзүн даярдоо чыгымына 99 сом, мамлекеттик пошлина катары 30 сом, толтурулган бланк үчүн 8,5 сом кармалат. Эгерде жаран паспортун жоготуп же айрып алган болсо, анда 100 сом айып пул төлөйт. ID-карта 17 күндө даярдалып берилет.

Кыргыз жеринде жарандарды паспорттоштуруу тармагында коррупциялык иштер жоюлду дегенге болбойт. Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү да буга кошулат. "Жарандар паспорт алып жатканда өздөрүнүн укуктарын билбей жатышат. Сураган акчасын бере беришет, анан "менден ашыкча акча алды" деп кайрылышат. Мындайда тийиштүү бөлүмдүн кызматкерлери иликтөө жүргүзүшүп, көбүнчө далилдин жоктугунан айтылган сөздөр далилденбей калат. Ошондуктан жарандар паспорт столдун кызматкерлерине акча берип жатканда акча эмнелер үчүн алынып жатканын тактап сурашы керек. Эгер кызматкер болбой эле ашыкча акча сурап жатса, анда далилдери менен бизге кайрылса, чара көрүлөт. Акчанын баары касса аркылуу төлөнүп, дүмүрчөк берилүүгө тийиш. Кызматкерлердин колуна акча берилбеши керек", - деди Кыдырмышова.

ID-картаны тез арада даярдап берүүнүн да тарифтери бекитилген, жарандар ал суммадан ашыкча 1 сом да бербөөгө тийиш.

2 саатта даярдап берүү - 6500 сом;

2 күндө даярдап берүү - 2500 сом;

4 күндө даярдап берүү - 2200 сом;

8 күндө даярдап берүү - 1800 сом.

Ал эми жалпы жарандык паспорттун жарандардын колуна тийгендеги баасы - 628 сом 50 тыйын. Кадимки шартта 20-25 күндө даярдалат. Тез арада даярдап берүүнүн тарифтери мындай:

2 саатта даярдап берүү - 6000 сом;

2 күндө даярдап берүү - 4500 сом;

4 күндө даярдап берүү - 4100 сом;

8 күндө даярдап берүү - 3800 сом.

Жарандар паспорт алууда ортодогу шылуундардын чөнтөгүн толтурбай, өз укуктарына бир сыйра көз жүгүртүп алышканы оң. Оңой бүтчү иш тийиштүү органдагы бюрократиянын айынан кыйындаган учурлар көп кездешет. Паспорт алуудагы же алмаштыруудагы акчанын суммасы кимдир бирөөлөргө билинбеши мүмкүн, бирок маянасы аз же жумушсуз үй-бүлөлөргө жакшы эле билинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Labadax
2016-06-28 16:50:37
Жогоруда бироо жазып кеткендей ушул тарифтерди ар бир паспорт стол болумдоруно илип коюш керек да.Ошондо корррупция кыйла азаят эле,болбосо байкуш бечара эл билбей сураган акчасын бере берет да.
+3
netsa
2016-06-28 17:15:04
мен жакында эле Манас районунун
0
nuri_kerben
2016-06-28 19:05:27
саламатсыздарбы , мен IDпаспортумду жоготуп алганыма 1 жума болду , буюрса 1 июль москвага кеткени жатам угушумча чет олкодо IDпаспорт сурашып жатат деп угуп атам загран менен барсам кыйынчылык туудурбайбы ...
+1
tynara81
2016-06-28 20:02:51
Мен бир ай мурун паспортко тапшыргам. Айди картаны 4 күндүккө, загранды жөнөкөйгө эле. Банкка жогорку айтылган суммаларды төлөдүм, бирок начальнигиби кимиси, кол коюп берчүсү бар экен, ошол киши 500 сом алды, мен да сурабадым эмне үчүн экенин, башкалар деле сурабай берип жатты, баарына тез арада паспорт керек да, закондошконго убактылары да, каалоолору да жок.
0
Qnet
2016-06-28 20:03:14
Бул жерде паспорт боюнча маалымат алыныптыр,а карапайым эле башка дагы канча деген документтерди алат!Ошол учун кандайдыр бир маалымат алуучу булак болуш керек!Озунчо сайт болуш керек баалары боюнча,анан да ар бир документ тапшыруучу имаратта илинип турушу керек!
+2
swabs
2016-06-28 20:14:44
мен паспорт ( ID ) жоготуп восстановления кылгынга официально 179 сом кетти не официально 800сомго жакын акча кетти!!!
+1
gul-bibi9109
2016-06-28 21:45:13
Менин паспорттудун муноту бутот бир жылдан кийин заранее алмаштырсам болобу? Эгер болсо канча акча кетет канча кундо бутот болжол менен???
+1
Mech.kg
2016-06-28 23:36:48
gul-bibi9109,4500менен бутот срочно алсан.дуйшомбу тапшырсан дума куну дая
р болот.
0
Mech.kg
2016-06-28 23:35:46
Коррупция жоголуш учун динди жогорулатыш керек.Кудайдан корккон Адам еч качан биронун акысын жебейт деп ишенем.
0
boiuzun
2016-06-29 01:27:01
Mech.kg, контроль болушу керек биринчи кезекте,жетекчиси баш болуп акча жыйган жерде коррупция боло берет, динчил канчасынын акыркы кундо кудайдан коркпой эле, Ман зат сатып, оспурумдорду зордуктап жаткандарын коруп жатпайсызбы.
0
tatynam_88
2016-06-29 01:54:50
Мен 5кундо алдым.idкардды.6500го.1жума болду эле.бираз кутсом болмок экен гооо
0
bagynbas
2016-06-29 02:25:16
Эн жакшы жанылык болуптур. Менин да, досум ID жоготуп кайра жасаганга 25000 сураптырго чиркин озу бул жакта болчу ( Мос)
0
aleshov.j
2016-06-29 07:23:24
жакшы экен.мунун баары эле иштеген жумушчулардын айлыктарынын аздыгыганго.айлыгы жакшы болсо мындай корунуштор азайаттыр бир топ эле.
0
aleshov.j
2016-06-29 07:24:50
негизи эле кыргызстандын башкаруу системасы жакпайт мага. ким кошулат мага
+1
shabdan_osh
2016-06-29 09:56:54
Суроо туулат эки саатта даярдап беребиз дейт, паспорт ошондо ар бир паспорт столдо даярдалып берилеби бул жагы кызык болууда
0
s.sladka9
2016-06-29 12:28:45
shabdan_osh,менде да ушул суроо жаралды.
0
s.sladka9
2016-06-29 12:30:57
shabdan_osh,менде да ушул суроо жаралды.
0
Kroxa
2016-06-29 22:42:30
shabdan_osh,только бишкекте срочныйлар,,Бизде арзан го кызыма Караколдон загранга суротун озулору тартты кассага 680 сом толодум общий...бир айда келет деди
+3
s.sladka9
2016-06-29 12:31:51
Шабдан ош менде да ушул суроо жаралды.
0
Kudaiberdi
2017-02-10 00:31:14
Мен загран паспорт алайн десем 1300 сурап жатат загранга штраф толонобу? Билгендер барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан