26-июнь күнү кечке жуук Ысык-Көл районундагы Григорьев жана Кашат айылдарынан чогулган 100 чакты бала уруша кетишкендиги тууралуу кабарланган. Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакуновдун 28-июнда SUPER.KG'ге билдиришинче, аталган эки айылдын жаштары Григорьев капчыгайында туристтерди тосуу үчүн боз үй тигебиз деп жер талаша кетишкен.
"Эч кандай массалык мушташ болгон эмес, жөн гана айыл тургундары бири-бирин түшүнүшпөй чырдаша кетишкен. Григорьев айылынын эли аталган жай өздөрүнүн айыл аймагына карай турганын айтып, туристтерди тосуу үчүн боз үй тигишмекчи болушкан. Буга Кашат айылынын эли каршы болгон. Ал жерге милиция өкүлдөрү, айыл аксакалдары барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жер Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттикке тиешелүү болгондуктан, эч кимге берилбей тургандыгы айтылгандан кийин айыл тургундары тарап кетишти", - деди Усубакунов.