Балыкчы шаарындагы "Ысык-Көл биосферасында" дайынсыз болуп жатат деген кайык жоголгон эмес

Балыкчы шаарындагы "Ысык-Көл биосферасында" дайынсыз болуп жатат деген кайык жоголгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда SUPER.KG порталына "Ысык-Көл биосферасынын" башкы директору Мирслав Аманкулов билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин массалык маалымат булактарында "биосфера аймагынан кайык жоголду" деген маалыматтар жарыяланган.

Аталган маалыматты тактоо максатында "Ысык-Көл биосферасынын" башкы директоруна байланышка чыктык. Ал өз сөзүндө: "Эч кандай кайык жоголгон эмес. Кайык 2015-жылдын 4-апрелине чейин "Ысык-Көл биосферасынын" балансында турган. Ал бузук болчу. Республикалык жаратылышты коргоо жана токойду өнүктүрүү фондуна өткөрүп бергенбиз. Эл арасына чыгып кеткен маалымат туура эмес", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан