Жалал-Абад шаарында энелер сыйланышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө президентинин жарлыгы менен 27 эне "Баатыр эне" жана 7 эне "Эне даңкы" наамдары менен сыйланды.
Сыйлоо аземине социалдык маселелер боюнча вице-мэр Турдалы Темирбаев катышты.
"Өлкөнүн өсүп-өнүгүшү үчүн сиздер төрөп-тарбиялаган балдар бүгүнкү күндө өздөрүнүн салымдарын кошуп жатышат. Алардын ар бир ийгилиги – сиздердин ийгилик. Кыргыз Республикасынын ар бир жетишкендиги – сиздердин жетишкендик. Сиздер уул-кыздарыңыздар менен сыймыктаныңыздар", - деди Темирбаев өз сөзүндө.