СУПЕРСТАН: "Мен интернет жок эки, ашып кетсе үч саат араң чыдайт болушум керек"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Интернетке канча убакыт кирбей коё аласыз?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Кечээ күнү интернетке 24 саат кирбей койдум. Жашоодо бир топ өзгөрүү болгонун байкадым. Айлана-чөйрө жашылга боёлуптур, түркүн куштар сайрап, аалам көркүнө чыгып калыптыр. Бир туугандарымдын балдары да чоңоюп калыптыр, алар менен сүйлөштүм. Кыскасы, интернетсиз жашоо жакшыдай сезилди, бирок кайра кирип алдым".

"Интернет жок чыдай албайм го дегем, бирок 2-3 ай чыдагам. Баары эле жакшы, болгону көп жаңылыктардан артта калат экенсиң".

"Мен интернетти алыстагы адамдарым менен сүйлөшүү, баарлашуу үчүн колдоном. Интернети жок бир ай чыдасам керек, бирок кирбей деле коё алам".

"Мен интернет жок эки, ашып кетсе үч саат араң чыдайт болушум керек".

"Интернетсиз 3 ай жашай алам деп айта алам. Дайыма интернетте отурганым менен, андан көз каранды эмесмин. Ансыз деле виртуалдык жашоодо күтүп турган досторум жок".

"Акыркы жолу интернетсиз 10 күн жүрдүм, байланыш жоктон эмес, өзүмдү чектегенден, эс алгым келгени үчүн... Муктаждык деле туюлган жок. Мага окшогон интроверттерге өз дүйнөсүнүн тынчтыгы көбүрөөк маанилүү болсо керек деп ойлойм".

"Интернет эмес, көп убакыт телефонсуз жүрө алат экенмин. Азыр үйдө болгонума байланыштуу интернетти колдонууга туура келет, ал менин ашканадагы кеңешчим десем жаңылышпайм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mma_fighter
2016-06-28 16:08:53
Сенсиз деле жашоом зынк!!!,
+1
nargis
2016-06-28 16:31:36
Ар бир нерсенин пайдалуу да зыяндуу да жактары барда .Мага пайдасы коп нерсени окудум а зыйаны убакыт ,бир карап алайын десем эле кайненем келип калат дагы ушуну тиктеп отурасынбы деп.
0
take220281
2016-06-28 16:49:57
Өткөндө авария болуп свет үч күн болбоду эле, биринчи күнү эле бир аз кыйналат экенсиң анан көнүп кетесиң, за то кошуналар менен кечке кобурашып жыргадык))
0
Magusi
2016-06-28 20:59:23
Чыдаса болот экен...Бирок баарыбир бир нерсе жетишпегендей боло бересин.Тел уч кун бузулду эле жинди болуп кете жаздадым,уйго кирип чыгып кылган иштен пайда жок
+1
arzygulR
2016-06-29 01:26:49
Бир кун WiFi жок болсо .....
0
KaiMak
2016-06-29 03:06:32
Илгери инетсизле бир жакшына жашап келишкен го... Балким азыркы койгойдун баарына инет куноолуудур. Элестетиш Алымбек менен Курманжан Даткалар Вацапта таанышышкан :). инетти ташташ адамдын озунон да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан