Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев Токтогулдагы сел жүргөн аймакка барды

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшанбек Рысбаев Токтогулдагы сел жүргөн аймакка барганын мекеменин маалымат кызматынан 28-июнда билдиришти. Рысбаев 27-июнда саат 19:30дар чамасында Үч-Терек айыл аймагындагы Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан айылдарында сел суулары жол каттамга кыйынчылыктарды жараткан жана турак жайларга кооптуу абал жаралган жерлерди калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

Айта кетсек, Саргата айылында 3 кожолуктун турак үйүнүн ичине жана 40ка жакын кожолуктун короолоруна сел суулары кирип, 2 даана ички чарбалык көпүрөнү жараксыз абалга келтирип, 3 чакырымга жакын ички чарбалык жолду сел каптап кеткен. Рысбаев аталган жерде болуп, аны тез арада калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.

Учурда айыл аймактары тарабынан 1 жүк жүктөгүч унаа тартылып, тазалоо жумуштары аткарылууда. Андан сырткары райондук жана айыл аймактык Жарандык коргонуу комиссиялары тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. Абалды жеринен көргөн министрдин орун басары Равшанбек Рысбаев Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Майорбек Сатымкуловго кырсыктын кесепетин жоюуга зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды жана техникаларды аныктап, тез арада сунуш берүүсү керектигин айтты.

“Бизде азыр кырсыктын кесепеттерин жоюуга күч жана каражаттар жетиштүү. Жергиликтүү бийлик өзүнүн мүмкүнчүлүгүн карап көрүп, мыйзам чегинде керектүү жардамдарды тиешелүү документтери менен сураса, күйүүчү-майлоочу майлардан, техникалардан жардам беребиз”, - деди Р.Рысбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
NARYNGRAD
2016-06-29 10:20:18
Кожолук дегенди кандай түшүнсө болот? Кварталбы?
0
Malik92
2016-06-29 13:02:21
NARYNGRAD,Кожолук деген уй-булоо, короо мисалы сенин жана эки кошунандын уйуно сел агып кирди деген. Кудай сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан